
Т О К Т О М №I/20-81
29.06.2026-ж Кызыл-Октябрь а.
“Кызыл-Октябрь айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын башчысы Н.Ж.Сулаймановдун маалыматын угуп, талкуулап, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын инфраструктурасын жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдөгү артыкчылыктуу деп таанып, ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун жарыктандыруу жана Кыз-Күйөө айылынын мостун куруу боюнча долбоорлорду карап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы Н.Сулайманов бул долбоорду ишке ашырууга каржылык каражаттарды таап, бөлүп берүү боюнча чараларды көрүлсүн. Тактап айтканда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун жарыктандыруу жана Кыз-Күйөө мостун реконструкциялоо боюнча программалардын аткарылышын камсыз кылуу, алар кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорун жарыктандырууну долбоорлоо жана Кыз-Күйөө мостун реконструкциялоо боюнча зарыл уюштуруу-укуктук иш-чараларды жүргүзүү, жана ага тиешелүү ишканаларды каржылоо.
2.Айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинде акча каражаты жетишсиз болсо, Кемин райондук өнүктүрүү фондунан бул долбоорлорду каржылоо жагы суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы А.Т.Карамырзаев














