Муниципалдык жер тилкесинен, демөөрчүлөр тарабынан муниципалдык жер там салып берүү тууралу маселесин кароо

Т О К Т О М 1/20-83

29.06.2026-ж                                                                                                      Кызыл-Октябрь а.

   “Муниципалдык жер тилкесинен, демөөрчүлөр тарабынан муниципалдык жер там салып берүү тууралу маселесин кароо”

           Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин депутатарынын демилгеси менен демөөрлүүлөр тарабынан каза болгон Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Дыйканов Адилеттин жесир калган аялына жана 5 (беш) өспүрүм балдарына муниципалдык жер тилкесинен, тактап айтканда гараждын бир бурчуна жер там салып берүү тууралу сунушунтарын карап, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер комиссиясына каза болгон Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Дыйканов Адилеттин жесир калган аялына жана 5(беш) баласына демөөрчүлөр тарабынан жер там салып бергенге гараждын бир бурчунан 0,07га жер тилкесин бөлуп берүү тууралу суранат.
  2. Кемин архитектура тарабынан гараждын участкасынан 0,07га муниципалдык жер там салгана максатын өзгөртүп берүү тууралу маселесин карап берүүсүн суранат.
  3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

Төрага                                                                            А. Карамырзаев

Leave a Reply