Жель-Арык айылына ФАП салуу боюнча маселени кароо

Т О К Т О М 1/20-80

 29.06.2026-ж                                                                      Кызыл-Октябрь а.

Жель-Арык айылына ФАП салуу боюнча маселени кароо”

           Жель-Арык жана Чолок айылынын жашоочуларынын суранычы боюнча, Жель-Арык айылына ФАП салып берүү боюнча суранычтарына Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бүгүнкү күнгө ылайык заманбап баардык талаптарга жооп бере турган ФАП имаратын салып берүү тууралу сунушун карап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына Жель-Арык айылынан заманбап бүгүнкү күнкү талаптарга жооп бере турган заманбап ФАП салууга жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыксын жана жер тилкесинин өлчөмүн жер комиссиясы Кемин архитектурасы менен биргеликте аныктап чыксын.

2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн жана муниципалдык менчикке каттодон өткөрүү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

Төрага                                                                             А. Карамырзаев

 

 

Leave a Reply