«Кызыл-Октябрь» муниципалдык ишканасына 2025-жылдагы НДС жана НСП боюнча салык карыздарын төлөөгө субсидия берүү жөнүндө

ТОКТОМ

 2026-жыл  20-июль  № 1/19-87                                     Кызыл-Октябрь  айылы.

 «Кызыл-Октябрь» муниципалдык ишканасына 2025-жылдагы НДС жана НСП боюнча салык карыздарын төлөөгө субсидия берүү жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кызыл-Октябрь” муниципалдык ишканасынын 2025-жыл үчүн кошумча нарк салыгы (НДС) жана сатуудан алынуучу салыгы (НСП) боюнча салык карыздарын өз убагында төлөөсүн камсыз кылуу максатында, карап талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. «Кызыл-Октябрь» муниципалдык ишканасына 2025-жыл үчүн НДС жана НСП боюнча салык карыздарын төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 757 000 (бир миллион жети жүз  элүү жети  миң) сом өлчөмүндө субсидия берилсин.
  2. Бөлүнгөн каражат максаттуу түрдө 2025-жылдагы НДС жана НСП боюнча салык карыздарын жабууга гана пайдаланылсын.
  3. Финансы бөлүмү мыйзамдарда белгиленген тартипте субсидияны каржылоону камсыз кылсын.
  4. «Кызыл-Октябрь» муниципалдык ишканасы бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышы боюнча отчетту айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  5. Токтомдун   так   аткарылышы   айыл   өкмөт   башчысы   Н.Ж.Сулаймановго  жана “Кызыл-Октябрь”МИ башчысы Сатыбалды уулу Т. милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Октябрь  айылдык

 кеңешинин төрагасы:                                                        А.Т.Карамырзаев

 

 

Leave a Reply