“Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу менен ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүү киргизүү

Т О К Т О М I/1-4

 

28.11.2024-ж                                                                             Кызыл-Октябрь а.

 

“Кызыл-Октябрь  айыл   аймагында  жайгашкан    айылдарда    үй-бүлөлүк  салтанаттарды жана  өлгөндү  эске  алуу  менен  ырым-жырымдарын  өткөрүүнүн  тартиби  жөнүндө”  жобого  өзгөртүү киргизүү

    Кызыл-Октябрь   айыл      аймагында      жайгашкан        айылдарда        үй-бүлөлүк  салтанаттарды      жана      өлгөндү    эске     алуу    менен     ырым-жырымдарын  өткөрүүнүн   тартиби    жөнүндө  жобого  өзгөртүү киргизүү  жөнүндө талкуулап,  айылдык  кеңеш  төмөндөгүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын  24-февралындагы  “Кыргыз     Республикасынын     үй-бүлөлүк    салтанаттарды    жана   маркумду  эскерүү    үрп-адаттарды    тартипке   келтирүү    боюнча    чараларды    өткөрүү  жөнүндө”    № 54  Жарлыгынын      негизинде     Кызыл-Октябрь   айыл      аймагында      жайгашкан    айылдарда    үй-бүлөлүк    салтанаттарды      жана    өлгөндү    эске     алуу     менен      ырым-жырымдарын   өткөрүүнүн    тартиби     жөнүндө  2022-жылдын 28-апрелиндеги №40  Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин токтому менен бекилген  жобого    төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

               а) 4-бөлүктө: Өлгөндү  эске алуу  ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби:

              – биринчи пункта “5000 сомдон 30000 сомго чейин мал  союга  уруксаат берилет” деген сөз “бир бодо мал жана бир                                 кой союга уруксаат берилет” деген сөздөргө алмаштырылсын;

              2.Калк      арасында     түшүндүрүү       иштери       жүргүзүлүп,    Жобо     менен  тааныштырылсын.

              3.Токтомдун     аткарылышы      айыл    өкмөтүнүн     башчысы       Н.Сулаймановго милдеттендирилсин.

 

 

 

Кызыл-Октябрь  айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                  Карамырзаев А.Т.

Leave a Reply