Т О К Т О М №XXIX/1-6
07.05.2024-ж Кызыл-Октябрь а.
“Жел-Арыгы трактындагы Жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу маселесин кароо жөнүндө”
Кемин райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 29-мартындагы №11/5-42-24 ченемдик укуктук актыларын бузууларды четтетүү жана аймагында жайгашкан жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча талаптарды карап, талкуулап Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жел-Арыгы тилкесиндеги контур боюнча №1120/57,6 га, № 1139/0,3 га, № 1140/0,3 га, № 1140*/16,2 га, №142/2,4 га, 1143/14,6 га, № 1144/1,1 га, аянты 112 га карап чыгып, жана талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын башчысы тарабынан ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жана Жел-Арыгы трактында №1120/57,6га, №1139/0,3га, №1140/0,3га, №1140*/16,2га, №1142/2,4га, №1143/14,6га, №1144/1,1га аянты 112 га. контур боюнча жайгашкан жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу маселеси каралсын. 2. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсы.
Төрага Б.Мырзадаиров















