“Чүй облусунун Кемин  районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө”

Бириккен Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин уюштуруу сессиясынын

 

№ 3 Т О К Т О М У

 

2024-жылдын 21- февралы.                                                                                                      Кызыл-Октябрь а.

“Чүй облусунун Кемин  районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын,  Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин  жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кызыл-Октябрь айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Чүй облусунун, Кемин районунун, Жаны-Алыш айыл аймагынын «Жаны-Алыш айылдык кеңеши» жана Чүй облусунун, Кемин районунун, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын «Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши» бириктирүү жолу менен «Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши» мекемеси түзүлсүн.

 

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

– мамлекеттик тилде – “Чүй облусунун, Кемин районунун. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын,  “Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши” мекемеси;

– расмий тилде Учреждение “Айылный кенеш Кызыл-Октябрь” Айылного аймака Кызыл-Октябрь, Кеминского района,  Чуйской области;

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй  облусу, Кемин району, Кызыл-Октябрь айылы, Пионер көчөсү  № 8

  1. «Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
  2. «Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл-Октябрь айылы, Пионер көчөсү  № 8,  болуп аныкталсын.
  3. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

 

Кызыл-Октябрь айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                                                     Мырзадаиров Б.

Leave a Reply