Кызыл-Октябрь айыл аймагынын белгисиз себептерден улам өз убагында ала албаган тургундарына сугат жер участокторун (үлүштөрүн) бөлүп берүү маселесин кароо

Т О К Т О М 1/20-84

 29.06.2026-ж                                                             Кызыл-Октябрь а.

    “Кызыл-Октябрь айыл аймагынын белгисиз себептерден улам өз убагында ала албаган тургундарына сугат жер участокторун (үлүштөрүн) бөлүп берүү маселесин кароо”   

           Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адисин уккандан кийин, өз убагында 1994-1997-1999-жылдары жер реформасына байланыштуу мурда Кызыл-Октябрь чарбасында иштеген тургундарга жана кызматкерлерге сугат айдоо жерлеринин берилгени айтылды. Ошентип, бизге белгисиз себептерден улам, төмөнкү 12 адам жер участокторун (үлүштөрүн) алган эмес: Айтбекова К., 1,96 гектар; Денисенко Степан 2,45 гектар; Касмалиева Айна 3,43 гектар; Корнева Мария 0,98 гектар; Коржов Александр 1,96 гектар, Момукеева Айым 1,47 гектар; Солтонбаев Кубанычбек 2,45 гектар; Черикова Венера 1,47 гектар; Макеев Туратбек 2,45 гектар; Курманалиев Нурлан 3,2 гектар; Киргобаков Жаныбек 2,94 гектар; Шеркулов Курманбек 1,96 гектар жалпысынан 26,72 га талкуулап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жогоруда аталган адамдарга жер үлүшүн берүү жөнүндө өтүнүчү тууралу  Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өтүнүч «Кызыл-Октябрь» совхозунда иштеп, бирок бизге белгисиз себептер менен жер үлүштөрүн албай калган тургундарга жер үлүштөрүн бөлүп берүү тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылабыз: Айтбекова К., 1,96 га; Денисенко Степан 2,45 гектар; Касмалиева Айна 3,43 га; Корнева Мария 0,98 гектар; Коржов Александр 1,96 гектар, Момукеева Айым 1,47 гектар; Солтонбаев Кубанычбек 2,45 га; Черикова Венера 1,47 га; Макеев Туратбек 2,45 га; Курманалиев Нурлан 3,2 га; Киргобаков Жаныбек 2,94 га; Шеркулов Курманбек 1,96 га, жалпы 26,72 га бөлүп берүү тууралу.
  2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

Төрага                                                                            А. Карамырзаев

Leave a Reply