
Т О К Т О М №1/20-83
29.06.2026-ж Кызыл-Октябрь а.
“Муниципалдык жер тилкесинен, демөөрчүлөр тарабынан муниципалдык жер там салып берүү тууралу маселесин кароо”
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин депутатарынын демилгеси менен демөөрлүүлөр тарабынан каза болгон Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Дыйканов Адилеттин жесир калган аялына жана 5 (беш) өспүрүм балдарына муниципалдык жер тилкесинен, тактап айтканда гараждын бир бурчуна жер там салып берүү тууралу сунушунтарын карап, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер комиссиясына каза болгон Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Дыйканов Адилеттин жесир калган аялына жана 5(беш) баласына демөөрчүлөр тарабынан жер там салып бергенге гараждын бир бурчунан 0,07га жер тилкесин бөлуп берүү тууралу суранат.
- Кемин архитектура тарабынан гараждын участкасынан 0,07га муниципалдык жер там салгана максатын өзгөртүп берүү тууралу маселесин карап берүүсүн суранат.
- Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Төрага А. Карамырзаев














