
Т О К Т О М №1/17-72
16.02.2026-ж Кызыл-Октябрь а.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
14-октябрындагы №296 Жарлыгын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 “Кыргыз Республикасында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу каада-салттарын тартипке келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана маркумду узатуудагы кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын иреттөө максатында, Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгы менен бекитилген “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби” жетекчиликке алынсын жана аткарууга кабыл алынсын.
2.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү аталган тартипке ылайык, тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын көзөмөлдөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагын камсыз кылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Ж. Сулаймановго жүктөлсүн.
Кызыл-Октябрь айылдык
кеңешинин төрагасы Карамырзаев А.Т.














