Үй-жай участокторунун өлчөмүн белгилөө жөнүндө

Т О К Т О М I/16-64

29.01.2026-ж                                                                                                      Кызыл-Октябрь а.

 “Үй-жай участокторунун өлчөмүн белгилөө жөнүндө”

      Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика жана жер ресурстары боюнча комиссиясынын корутундусун карап чыгып. Кызыл-Октябрь айылын чыгыш тарапка кеңейтүүнүн башкы планын иштеп чыгуу үчүн жер тилкелеринин өлчөмүн белгилөө зарылчылыгы тууралуу жер жана турак жай адисинен угуп, талкуулап.

      Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 2-пунктунун 2,3-пунктчасын жетекчиликке алып, Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         1000 чарчы метр (0,10) га турак жайларды куруу үчүн Кызыл-Октябрь айылын чыгыш тарапка кеңейтүү боюнча өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу үчүн короо-жай участокторунун өлчөмү белгиленсин.

2. 1 нускасы Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине жөнөтүлсүн.

3.Ушул токтом катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

 

 

 

Кеңешинин төрагасы                                                           А.Карамырзаев

Leave a Reply