Т О К Т О М №I/11-47 10.09.2025-ж

Т О К Т О М I/11-47

10.09.2025-ж                                                                                                      Кызыл-Октябрь а.

“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу жөнүндө

 

“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 ишке ашыруу жана тиешелүү иш аракеттерди көрүү жана Кемин РМА тескемесин аткарууга алуу максатында:

  1. Социалдык суроолор боюнча адистерге:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу алкагында, Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу бардык салтанаттуу иш чаралардын аякташын жана ресторандардын, банкет залдарынын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу жайлардын ишинин толук токтотулушун саат 22:00дөн кечиктирбестен камсыз кылуу жөнүндө жергиликтүү ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн.

  1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү

орун басары, жооптуу катчы, социалдык комиссия мүчөлөрү, айыл башчылары, имамдар жана участкалык инспекторлор:

– бардык массалык иш-чаралардын жана коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгү саат 22:00дөн кечиктирилбестен токтотуу боюнча рейд жүргүзүлсүн;

– тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга, аймактарга жакын жайгашкан эс алуучу коомдук жайларга жана калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көзөмөлдөнсүн;

– “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана беренелеринин бузуулары катталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тийиштүү чаралар көрүлсүн;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча” Жарлыгынын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары элдик жыйындарда, жума намаздарда мечитте, калк арасында жайылтылсын.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

 

 

Кеңешинин төрагасы                                                       А.Карамырзаев

Leave a Reply