Кошумча  смета  бекитүү жөнүндө

Т О К Т О М №I/8-40

 2025-жыл 20-май                                                                                                      Кызыл-Октябрь  айылы.

Кошумча  смета  бекитүү жөнүндө

           Кызыл-Октябрь  айыл өкмөтүнүн негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгүнө  6-айдын  жыйынтыгы менен пландан ашык түшкөнүнө байланыштуу Кызыл-Октябрь айылдык кенеши карап талкуулап, киреше чыгаша бөлүгүн тактоо боюнча

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгү 2025-жылдын 2-кварталында 11312100 “Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарынын салыгы” элементин 34,9 миң сомго, 11312200 “Жеке жактардын транспорттук каражаттарынын салыгы” элементин 408,8 миң сомго, 11321200 “Айыл чарба багытындагы жерлерге тиешелүү жер салыгы” элементинен 769,7 миң сомго азайтылсын, ал эми 14152100 “Калктуу пуктардын ижара акысы үчүн” элементин 400,0 миң сомго, “Жайыт жерлери үчүн ижара акы” элементин 400,0 миң сомго,  14511400 «Жергиликтүү маанидеги  инфрастрктураны  өнүктүрүү жана колдо үчүн каражат» элементин 1200,0  миӊ сомго көбөйтүлсүн, баардыгы негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгү  786,6 мин сомго көбөйтүлсүн.
  2. “Мектепке чейинки мекемелерине кошумча кызматтар” элементин 500,0 миң сомго көбөйтүлсүн
  3. Чыгаша бөлүгүнүн негизги  эсеп счетунан  жалпы 786,6 миң сомго  көбөйтүлсүн:

«Жайыт » 70429 бөлүмүнүн     негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү  2025-жылдын 2-кварталында  22154900 элементи 400,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

  1. “ТЖК” 70629 бөлүмүнүн негизги эсеп счетунун чыгаша бөлүгү 25111100-386,6 миң сомго көбөйтүлсүн.
  2. “Бала бакча” 70911 бөлүмүнүн атайын эсеп счетунун чыгаша бөлүгү  2025-жылдын 2-кварталында  22181100 элементи  500,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
  3. Токтомдун  так  аткарылышы   айыл   өкмөт   башчысы   Н.Ж.Сулаймановко  жана  социалдык экономикалык  өнүгүү  бөлүм  башчысы Г.Ж. Мадиевага   милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Октябрь  айылдык  кеңешинин

төрагасы:                                                                                                                 А.Т.Карамырзаев

 

Leave a Reply