Т О К Т О М №1/5-27
18.03.2025-ж Кызыл-Октябрь а.
“Муниципалдык менчикке жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө”
Кемин шаарынын мэриясы Кемин райондук администрациясынын 12.06.2021-жылдагы тескемесин, 2002-жылдагы Жаңы-Алыш жана Ак-Бекет боюнча өткөрүп берүү актсы жана Кемин шаарынын мэриясынын 10.03.2025 жылдын №4 токтомунун негизинде Нур айылында Ладышева 26/3 идентификациялык коду 7050110020035 суу толтууручу жайдын аянты 3419,4 м2 болгон жер тилкесин жана суу менен камсыз кылуу түтүктөрү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кемин шаарынын мэриясынын аймагындагы Нур кичи районундагы Ладышева 26/3 идентификациялык коду 7050110020035 суу толтууручу жайдын аянты 3419,4 м2 болгон жер тилкесин жана суу менен камсыз кылуу түтүктөрүн – Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн менчигине бекитилип берилсин.
- Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик–укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Сулаймановго жүктөлсүн.
Төрага А. Карамырзаев















