
Т О К Т О М №1/20-82
29.06.2026-ж Кызыл-Октябрь а.
“Материалдык жардам берүү жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Жаны-Алыш айылынын тургуну Н.Сыдыковдун, Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Э.Абдыкеримованын, Ак-Бекет айылынын тургуну У.Курманалиеванын ден-соолугуна байланыштуу реабилитацияга материалдык жардам берүү жөнүндө арызы менен таанышып, Кызыл-Октябрь айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ден-соолугуна байланыштуу реабилитацияга материалдык жардам берүү боюнча арызынын негизинде Н.Сыдыковко 100 000 (жүз миң); Э. Абдыкеримовага 50 000 (элүү миң); У. Курманалиевага 50 000 (элүү миң) акча каражат бөлүнүп берилсин.
2.Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Ж.Мадиевага бөлүнгөн акча каражатын Н.Сыдыковдун, Э. Абдыкеримованын, У. Курманалиеванын банктагы атайын эсебине которуп берүү жагы тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл окмот башчысы Н.Ж.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Кенештин төрагасы А.Т. Карамырзаев














