Жер тилкелерин муниципалдык менчикке алуу боюнча

Т О К Т О М №I/8-39

20.05.2025 жыл                                                                                                               Кызыл-Октябрь

“Жер тилкелерин муниципалдык менчикке алуу боюнча”

Кемин районунун прокуратурасынын 2025-жылдын 18- мартындагы №11/03-20-25 сунуштамасын карап Бектурганова Динара Сулайманкулова колдонуп жаткан Ак-Бекет айылынын Чехов көч. 23-дарегинде жайгашкан жалпы 5765,2 чарчы метр жер тилкесинин 3351,2 чарчы метрин түзгөн бөлүгүн мунициапалдык баланска алуу жана Борукеева Айгуль Сейитовна колдонуп жаткан Ак-Бекет айылынын Чехова көч. 24 дарегинде жайгашкан 3118,8 чарчы метр жер тилкесиинин 1618,8 чарчы метр жер бөлүгунүн колдонушун мыйзам талаптарына келтирүү. Ошондой эле Кемин районунун прокуратурасынын доо арызы боюнча, Абдыкеримова Назира Эсентуровнанын жана Дакинов Мирбек Тынарбековичтин 302 контурандагы 800чарчы метр жер тилкеси сатып алуу келишимин жокко чыгаруу боюнча Кемин районунун сотунун 2025-жылы 13-майындагы чечиминин негизинде муниципалдык менчикке алуу боюнча маселелерин талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бектурганова Динара Сулайманкуловнанын колдонуп жүргөн 3351,2 чарчы метр

жер тилкеси муниципалдык менчике алынысын.

2. Борукеева Айгуль Сейитовнанын 1618,8 чарчы метр колдонуп жүргөн жер

тилкесине ижара келишими түзүлсүн.

3. Кемин районунун сотунун 2025-жылы 13-майындагы чечиминин негизинде 302

контурундагы 800чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке алынсын.

 

Төрага                                                                                         А. Карамырзаев

Leave a Reply