“Зет Цемент” жоопкерчилиги чектелген коомуна инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн лицензияланган жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Т О К Т О М I/17-69

16.02.2026-ж                                                                                                               Кызыл-Октябрь а.

       “Зет Цемент” жоопкерчилиги чектелген коомуна инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн лицензияланган жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын катынын негизинде 2013-жылдын 11-январынын 2027-жылдын 9-январына чейин жарактуу болгон 3363 TE лицензиясынын мөөнөтүнө “Зет Цемент” жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө, Жел-Арык көмүртек кенинин, “Биринчи” участогунун техникалык долбооруна ылайык 16,6 гектар жер участогун (үстүнкү каттарды төгүүчү жай) жана 26,9 гектар жер участогун (технологиялык жол) камтыган инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн, өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча берилген оң эксперттик корутундуларын карап, талкуулап.

2017-жылдын 15-декабрындагы №810 жер участокторун бөлүп берүү тартиби жөнүндөгү жобого ылайык, 1-главанын 4-пунктунун 1-пунктчасынын негизинде.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.”Зет Цемент” ЖЧКсына 2013-жылдын 11-январындагы 3363 TE лицензиясынын мөөнөтүнө 2027-жылдын 9-январына чейин берилген Жел-Арык көмүртек кендеринин “Биринчи” участогунун техникалык долбооруна ылайык, 16,6 гектар (төгүндү төгүүчү жай, үстүнкү катмарды алып салуу) жана 26,9 гектар (технологиялык жол) жер участогун камтыган инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

2.Ушул токтом катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

 

 

Кеңешинин төрагасы                                                           А.Карамырзаев

Leave a Reply