Т О К Т О М №XXIX/18-61
21.11..2022-ж Кызыл-Октябрь а.
“Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылындагы Аширбаев атындагы көчөсүндөгү №7б, 10 000 чарчы метр (1,0) га өндүрүштүк жер тилкесин сатып алуу маселесин кароо муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча жана машина-техникалык станцияга (МТС), турак-жай коммуналдык чарбага (ТКС) гараж куруу жөнүндө”
Берилген документтерди карап чыгып, талкуулап (жер участогуна жеке менчик укугуна мамлекеттик акт, Чүй облусунун Кемин райондук сотунун чечими, жер участогунун рыноктук наркын баалоо жөнүндө отчет). Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18- статьясынын 4-пунктуна таянуу менен
Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Кызыл-Октябрь айылында Аширбаева атындагы көчөсүндө жайгашкан №7б аянты 10000 кв.м. (1,00) га. жайгашкан машина техникалык станциясына (МТС) гараж куруу үчүн өндүрүштүк жер тилкесин алуу жана кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзсүн. 2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин сатып алууга акча каражатын караштырсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Асанов Т.А. жүктөлсүн.
Төрага Э.М. Кочоров















