ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
27 марта 2024 г№ 29/28-95 Кызыл-Октябрь с.
О назначении ответственного секретаря Кызыл-Октябрьского айылного Кенеша
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү Мыйзамынын 30-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик — аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 54-беренесинин 8-пунктуна ылайык, токтом кылам:
- Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин жооптуу катчысы болуп элеген кызмат ордунан мурунку Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кызмат оруну боюнча эмгек акысын сактап калуу менен 2024-жылдын 27-мартынан баштап Курманалиева Гульназ Шаршеналиевна дайындалсын.
- Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Ж. Мадиевага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү Мыйзамынын 30-беренесинине ылайык тиешелүү төлөмдөрдү төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Сулаймановко жүктөлсүн
Кызыл-Октябрь айылдык
кеңешинин төрагасы ___________ Мырзадаиров Б.















