«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 ПЖ \»2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө\» жарлыгын аткаруу максатында Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү тарабынан 2025-жылдын 16-январында №7 тескемеси чыгарылып стратегия жана иш-планы бекитилди. Ар бир квартал сайын аткарылган иштер боюнча маалымат берилип турат. Ошондой эле коррупцияны алдын алуу максатында муниципалдык кызматкерлер менен аппараттык кеңешмелер өтүп турат.»


















