Т О К Т О М №I/10-46
15.08.2024-ж Кызыл-Октябрь а.
“Р-2 каналын оңдоого каражат бөлүү жөнүндө”
Дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн өз убагында жана керектүү көлөмдө суу менен камсыз кылуу кызматтары жана жогорку түшүм алуу үчүн сугат каналдарын оңдоо долбоорун карап чыгып, айыл аймагынын калкынын жакырчылык деңгээлин төмөндөтүүнү талкулап айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Индия Республикасынан гранттык жардам көрсөтүү жөнүндө меморандумдун алкагында, социалдык өнүктүрүүгө багытталган тез таасир берүүчү долбоорлорду ишке ашырууга арналган, Р-2 каналын оңдоого 15658,0 м.с. суммасында акча каражатын бөлүп берүү үчүн гранттык жардам сурайт.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы А.Карамырзаев















