
Т О К Т О М №I/16-64
29.01.2026-ж Кызыл-Октябрь а.
“Үй-жай участокторунун өлчөмүн белгилөө жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика жана жер ресурстары боюнча комиссиясынын корутундусун карап чыгып. Кызыл-Октябрь айылын чыгыш тарапка кеңейтүүнүн башкы планын иштеп чыгуу үчүн жер тилкелеринин өлчөмүн белгилөө зарылчылыгы тууралуу жер жана турак жай адисинен угуп, талкуулап.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 2-пунктунун 2,3-пунктчасын жетекчиликке алып, Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1000 чарчы метр (0,10) га турак жайларды куруу үчүн Кызыл-Октябрь айылын чыгыш тарапка кеңейтүү боюнча өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу үчүн короо-жай участокторунун өлчөмү белгиленсин.
2. 1 нускасы Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтом катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы А.Карамырзаев














