ММФнун жерлерин түз сүйлөшүүлөр аркылуу тооруктан тышкаркы ижарага берүү маселесин кароо жөнүндө

Т О К Т О М 1/5-26

 

18.03.2025-ж                                                                                                                                                     Кызыл-Октябрь а.

“ММФнун жерлерин түз сүйлөшүүлөр аркылуу тооруктан тышкаркы ижарага берүү маселесин кароо жөнүндө”     

Мамлекеттик мүлк фондунан түз берүү жолу менен жер тилкелерин берүү жөнүндө арыздарды жана протоколдорду карап, талкуулап жана жер комиссиясынын төрагасынын сөзүн угуп 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 «Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» жобонун II главасынын 14-пунктунун 4-главасынын 69-пунктуна ылайык карап, талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сидякин С.В.га (тиң жер, талап кылынбаган жер) контур 6/7,3 га ижара акысы 500 сом, Турганова У.Ш. контур 2,5/3га, Жусупов А.Б. контур 3/2,9 га, Айдаров С.Э. контур 222/2га, Абаскан уулу Н. контур  2,5/2 га, Смаилов Ж.Н. контур 2.5/2 га сугат айдоо аянты 1500 сом ижара акысы менен, СК «Кызыл-Октябрь» контуру 215/11,5 га, контур 179/13,8 га аренда сугат айдоо жери 3500 сом, СК “Мол Тушум Кашкелен” контур 277/43,5 га жаан-чачындуу айдоо жери 2000 сом ижара акысы менен 5 жылдык мөөнөткө айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн Мамлекеттик мүлк фондунун жерлеринен ижарага жер тилкелери берилсин.

2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик–укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы ижара келишимин түзсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Сулаймановго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                            А. Карамырзаев

Leave a Reply