Кызыл-Октябрь  айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын 12-сессиясынын “Элдик  курултайды  өткөрүү” жөнүндө

Т О К Т О М I/12-50

 09.10.2025-ж                                                                                                             Кызыл-Октябрь а.

  Кызыл-Октябрь  айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын 12-сессиясынын “Элдик  курултайды  өткөрүү” жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2025-жылдын  22-сентябрындагы №270  кезектеги IV “Элдик  курултайды  өткөрүү  боюнча”    Жарлыгын аткаруу  менен  Кыргыз Республикасынын Конституциясына  жана мыйзамдарына  ылайык, жарандар мыйзамдарды, Республикалык  жана  жергиликтүү  маанидеги  чечимдерди  талкуулоого, кабыл алууга  катышуу, Кыргыз  Республикасында  анын  ичинде  Чүй  облусундагы  улуттар аралык ынтымакты  андан ары  бекемдөө, жарандык коомдуу бириктирүү, социалдык мобилизациялоого  көмөктөшүү максатында Кызыл-Октябрь айылдык  кенешинин  депутаттары  талкулап чыгып

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын  Президенти  С.Н.Жапаровдун  2025-жылдын  22-сентябрындагы №270  кезектеги IV “Элдик  курултайды  өткөрүү  боюнча”    Жарлыгы кынтыксыз  аткарууга  алынсын

2.Элдик Курултайды өткөрүү  боюнча  Кызыл-Октябрь  айыл  аймагынын  жумушчу топ  төмөндөгүдөй   бекитилсин;

  1. Карамырзаев А.Т – кеңештин тɵрагасы,комиссия тɵрагасы
  2. Курманалиева Г.Ш – жоопту катчы,катчысы
  3. Каипова Д. – айыл башчысы
  4. Токтаналиева Ч. – Ак-Бекет айылынын маданият үйүнүн директору
  5. Исеналиев Г.А. – Жаны-Алыш айылынын маданият үйүнүн директору
  6. Шаршеналиева К.С. – Жарандык коомчулуктан
  7. Абдыбеков Б.А. – жергиликтүү кеңештин депутаты
  8. Кенжебаев К.К. – жергиликтүү кеңештин депутаты
  9. Байрамулов А. – жергиликтүү кеңештин депутаты.

3.Айыл аймагынан  Элдик  Курултайдын  делегаттарын  шайлоону  уюштуруу  боюнча  тиешелүү  иштер  жүргүзүлсүн;

4.Жумушчу топ биринчи  Элдик  Курултайды  даярдоого  жана  өткөрүүгө  көмөк  көрсөтүлсүн.

5.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт  башчысы  Н.Сулаймановго жүктөлсүн

 

Кызыл-Октябрь  айылдык

кеңешинин төрагасы                                                                  Карамырзаев А.Т.

Leave a Reply