Т О К Т О М №XXIX/28-97
19.04.2024-ж Кызыл-Октябрь а.
“Кызыл-Октябрь айыл аймагынын административдик чек арасынын
схемалык картасын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кызыл-Октябрь айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кызыл-Октябрь айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасына жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кеңешинин төрагасы Б.Мырзадаиров















