Т О К Т О М №I/1-4
28.11.2024-ж Кызыл-Октябрь а.
“Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу менен ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүү киргизүү
Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу менен ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө талкуулап, айылдык кеңеш төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” № 54 Жарлыгынын негизинде Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу менен ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө 2022-жылдын 28-апрелиндеги №40 Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин токтому менен бекилген жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 4-бөлүктө: Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби:
– биринчи пункта “5000 сомдон 30000 сомго чейин мал союга уруксаат берилет” деген сөз “бир бодо мал жана бир кой союга уруксаат берилет” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2.Калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Жобо менен тааныштырылсын.
3.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Кызыл-Октябрь айылдык
кеңешинин төрагасы Карамырзаев А.Т.















