
Т О К Т О М №I/17-68
16.02.2026-ж Кызыл-Октябрь а.
“Кызыл-Октябрь айыл аймагы боюнча ирригациялык объектилерин өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 17-пунктчасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү” жөнүндөгү токтомдун аткаруу максатында карап талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагы боюнча ирригациялык объектилердин жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын негизинде, Кызыл-Октябрь аймыгындагы төмөндөгү 1-ирээттеги ички чарба аралык каналдар аянты 45,0 км., 2-ирээттеги ички чарба аралык каналдар аянты 74,6 км., жалпысынан баардыгы 119,6км., Кемин райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
2.Ушул токтом катоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Рсепубликасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы А.Карамырзаев














