ПОСТАНОВЛЕНИЕ 27 марта 2024 г№ 29/28-95     О назначении  ответственного секретаря Кызыл-Октябрьского айылного Кенеша

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 27 марта 2024 г№ 29/28-95                                                                                                                         Кызыл-Октябрь с.

О назначении  ответственного секретаря Кызыл-Октябрьского айылного Кенеша

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү Мыйзамынын  30-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук   режимде административдик — аймактык реформа  жүргүзүү  жөнүндө”   №370  Жарлыгынын  жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө”   Мыйзамынын 54-беренесинин 8-пунктуна ылайык, токтом кылам:

  1. Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин  жооптуу  катчысы болуп элеген  кызмат  ордунан мурунку Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын  кызмат  оруну  боюнча  эмгек  акысын  сактап  калуу  менен 2024-жылдын 27-мартынан баштап Курманалиева Гульназ Шаршеналиевна  дайындалсын.
  2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.Ж. Мадиевага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү Мыйзамынын 30-беренесинине ылайык тиешелүү төлөмдөрдү төлөп берүү жагы  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт  башчысы  Н.Сулаймановко жүктөлсүн

 

Кызыл-Октябрь  айылдык

кеңешинин төрагасы               ___________                   Мырзадаиров Б.

Добавить комментарий