Кошумча  смета  бекитүү жөнүндө

Т О К Т О М I/15-58

29.12.2025-ж                                                                                                               Кызыл-Октябрь а.

Кошумча  смета  бекитүү жөнүндө

           Кызыл-Октябрь  айыл өкмөтүнүн негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгүнө  12-айдын  жыйынтыгы менен пландан ашык түшкөнүнө байланыштуу Кызыл-Октябрь айылдык кенеши карап талкуулап, киреше чыгаша бөлүгүн тактоо боюнча

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгү 2025-жылдын 4-кварталында 11111100 “Киреше салыгы” элементин 1550,0 миң сомго, 11321200 “Айыл чарба багытындагы жерлерге тиешелүү жер салыгы” элементинен 879,9 миң сомго, 14152100 “Калктуу пуктардын ижара акысы үчүн” элементин 600,0 миң сомго, 14511100 “Мамлекеттин пайдасына тшкн киреше” элементин 0,2 миң сомго азайтылсын, ал эми 11311100 “Турак жай имаратына мүлк салыгы” 40,0 миң сомго, 11311200 “Турак жай эмес имаратына мүлк салыгы” 122,5 миң сомго, 11321300 “Калктуу конуштардын жана айыл чарба  багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы” 144,5 миң сомго, 13321200 “Максаттуу трансферт” 3382,4 миң сомго, 14511400 «Жергиликтүү маанидеги  инфрастрктураны  өнүктүрүү жана колдо үчүн каражат» элементин 11436,7  миӊ сомго көбөйтүлсүн, баардыгы негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгү  12096,0  мин сомго көбөйтүлсүн.

2.Чыгаша бөлүгүнүн негизги  эсеп счетунан  жалпы 12096,0 миң сомго  көбөйтүлсүн:

“Бала бакча” 70911 бөлүмүнүн     негизги  эсеп счетунун чыгаша бөлүгү  2025-жылдын 4-кварталында  31113290 элементи  12096,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

3.Токтомдун  так  аткарылышы   айыл   өкмөт   башчысы   Н.Ж.Сулаймановко  жана  социалдык экономикалык  өнүгүү  бөлүм  башчысы Г.Ж. Мадиевага   милдеттендирилсин.

 

 

Кызыл-Октябрь  айылдык  кеңешинин

төрагасы:                                                                                                 А.Т.Карамырзаев

Leave a Reply