Акча каражат жылдыруу жѳнүндѳ

 

ТОКТОМ

 

 

23-декабрь 2025-жыл  № 1/14-54                                                      Кызыл-Октябрь  айылы

 

.

2025-жылдын бюджетинин планына каралган акча каражатынан колдонулбай   калган каражаттарды башка  керектүүлѳргѳ  жылдыруу   жагы  каралып  талкууланып,  Кызыл-Октябрь айылдык Кенеши

 

Токтом кылат.

 

  1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн негизги эсеп счетундагы киреше бөлүгү 2025-жылдын 4-кварталында 11312100 “Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарынын салыгы” элементин 93,0 миң сомго, 11312200 “Жеке жактардын транспорттук каражаттарынын салыгы” элементин 1090,0 миң сомго, 11321200 “Айыл чарба багытындагы жерлерге тиешелүү жер салыгы” элементинен 2199,4 миң сомго азайтылсын. Республикалык бюджеттен түшкөн “Максаттуу трансферт” 13321200 элементин 3382,4 миң сомго көбөйтүлсүн.
  2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жылдын башында бекитилген «Споркомплекс»    70811 бөлүмүнөн     31113290  элементинен 3382,4  мин сомду азайтуу, «Турак жай жана коммуналдык чыгымдар»  70629 бөлүмүнүн 25111100 элементине  3382,4 миң сомго кѳбѳйтүлсүн.
  3. «Споркомплекс» 70811 бөлүмүнөн 31113290  элементинен 6386,5  мин сомду, “Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар” 70223 бөлүмүнөн 22154900 элементинен 950,0 миң сомго, жалпы 7336,5 миң сом азайтылсын.

«Турак жай жана коммуналдык чыгымдар»  70629 бөлүмүнүн 25111100 элементине  1037,6 миң сомго, 31131220 элементин 1169,5 миң сомго  кѳбѳйтүлсүн.

«Бала бакча»  70911 бөлүмүнүн 31112290 элементине  4175,5 миң сом, 31113290 элементин 803,9 мин сомго  кѳбѳйтүлсүн.

«Калкты социалдык жактан коргоо»  71091 бөлүмүнүн 27213100 элементине  150,0 миң сомго  кѳбѳйтүлсүн, жалпы 7336,5 миң сом.

  1. Токтомдун так аткарылышы   айыл   өкмөт   башчысы   Н.Ж.Сулаймановго    милдеттендирилсин.

 

 

 

Кызыл-Октябрь  айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                        А.Т.Карамырзаев

Leave a Reply