Т О К Т О М №I/8-37
20.05.2025-ж Кызыл-Октябрь а.
“Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу “Кызыл-Октябрь”
МИ АВП тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу “Кызыл-Октябрь” Муниципалдык Ишканасынын АВП тарифин бекитүү, 2025-жылга иш планын угуп жана талкулап Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 31-мартындагы No 1/6-30 ““Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу “Кызыл-Октябрь” МИ АВП тарифин бекитүү жөнүндө” токтомуна муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүнө 2025-жылга АВП тарифин айылдык аймактын экономикалык негиздемесине ылайык келген өлчөмдө төмөнкүдөй өзгөртүүлө киргизилсин:
– биринчи пункттун абзацтары төмөндөгүдөй баяндалсын
- Жаңы-Алыш АВП 1 га – 500 сом;
- Кашкелең АВП 1 га – 500 сом;
- Кызыл-Октябрь АВП 1 га – 350 сом.
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик–укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов Н.Ж. жана Муниципалдык ишкананын директору Талайбек уулу Бактыбекке милдеттерилсин.
Кеңешинин төрагасы А.Карамырзаев















